Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилигин 2020-жылдын 28-ноябрындагы пресс-релизи

3526

Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууну илгерилетүү жаатында Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилигинде Пекин жана Тяньцзинь шаарларында окуган 7-13 жаштагы кытай окуучуларынын катышуусунда иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чара «Дипломат» маалымат басмаканасы менен биргеликте уюштурулган.

Иш-чаранын негизги максаты Кытай окуучуларын Элчиликтин ишмердүүлүгү, кыргыздардын тарыхы, маданияты, салттары жана улуттук спорттун түрлөрү менен тааныштыруу, жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү болду. Ошондой эле Кыргызстан жана Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу видео-роликтер көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын КЭРдагы Элчиси К. Бактыгулова учурашуу сөзү менен чыгып сүйлөдү жана ошондой эле катышуучулар дипломатиялык миссиянын башчысына жана Элчиликтин өкүлдөрүнө Кыргызстандын маданияты жана каада-салттары тууралуу суроолорду беришти.

Кытай окуучулар Кытай музыкалык аспабы «Гуциньде» ойно боюнча өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү, кытай элинин Тан династиясындагы улуу акыны Ли Бонун ырларынын саптарын айтып беришти, ошондой эле кытайдын «Ушу» күжүрмөн өнөрүнүн элементтерин көрсөттүштү.

Ошону менен бирге, Элчиликтин кызматкерлери кытай окуучуларына кыргыздын улуттук оюндары «Чүкө аттуу», «Алтын шакек» жана «Чабалекей» менен таныштырышты. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча кытай окуучуларына улуттук сувенирлери белек катары берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK