Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынан жөнөтүү тууралуу Пресс-релиз 2020-жылдын 11-июну

3630

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 10-11-июнунда Кыргызстандын жарандары Москва шаарынан россия-казакстан чек арасынан Оренбург облусуна Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен автобустар чыгып кетүү аракетин жасашкан. Автобустар Москва шаарынын Котельники районунун Новорязанское шоссеси 7  дареги боюнча күтүшкөн.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында Штабдын мүчөлөрү казакстан тарабы менен макулдашылбаган чыгуулар артка кайтарылды.

Казакстан мамлекеттик чек арасынын жабыктыгына байланыштуу жолго чыгууга мүмкүн эместиги туралуу кыргыз жарандары жана автобус айдоочулары менен жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жарандарга КРнын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен алынган тамак-аш менен жана убактылуу хостелдер менен камсыздоо тууралуу маалымат берилди жана жумушка орноштуруу варианттары сунушталды.

Азыркы кезде биздин жарандарыбыздын артынан алдамчылык менен пайда көрүүнү каалаган алдамчыларды кармоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ар бир жарандан жолго деп 3000 рублдан акча жыйналган. КРнын ИИМнин РФдагы Өкүлчүлүгүнүн көрсөтүүсү менен автобус айдоочулары тарабынан акча кайтарылып берилген. Уюштуруучуларга карата алдамчылык иштери үчүн  тийиштүү чаралар көрүлөт.

Ушуга байланыштуу, Элчилик жарандарды россия-казакстан чек арасы аркылуу унаалар менен чыгуу тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

Элчилик Казакстан чек арасы жабыктыгынан улам  оор акыбалда калбоо үчүн Оренбург облусу тарапка чыкпоону эскертүү жарандарыбызга кайрадан кайрылат.

Белгилүү болгондой, Самара облусунда Элчиликтин эскертүүсүнө карабастан, Москвадан россия-казакстан чек арасы тарапка чыгып алган КРнын 60 жараны Самара облусунда турушууда.

Россияда киргизилген карантиндик обочолонуунун кризистик  убагы өткөндүгүн белгилеп кетебиз. Чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да мурунку иштеген орундары ачылып, иштерине кайта башташты. Июнь айынын аягында жана июль айынын башында мекенине чыгуу боюнча кырдаал оңолот деп Элчилик расмий түрдө ишеним билдирет.

Элчилик Россиянын аймагындагы кыргыз диаспорасынын активисттерине мекендештерге көрсөтүп жаткан жардамдары үчүн  ыраазычылык билдирет.

Штаб Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик булактарда гана жарыяланган такталган маалыматтарды жетекчиликке алууну менен, санитардык-медициналык эрежелерди жана саламаттыкты сактоону сунуштайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK