Элчи Улукбек Марипов Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак Аль-Хажраф менен жолугушту

1046

2022-жылдын 7-июнунда Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин (мындан ары – Кызматташтык кеңеши) Башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак Аль-Хажраф менен жолугушту.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Кызматташтык кеңешинин ортосунда өз ара кызыгууну жараткан кызматташуу перспективаларын, аймактык жана эл аралык күн тартибинин эң актуалдуу маселелерин талкуулашты.

 Тараптар Кыргыз Республикасы менен Кызматташтык кеңешинин ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жалпы умтулууларын тастыкташты.

Жолугушуунун соңунда тараптар жетишилген келишимдерди илгерилетүү жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча тыгыз координацияланган ишти улантуу тууралуу макулдашышты.

Маалымат үчүн: Араб булуңундагы мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши  1981-жылы 25-майда түзүлгөн жана ага алты мамлекет – БАЭ, Бахрейн, Сауд Арабиясы, Оман, Катар жана Кувейт кирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK