Кыргызстандан сатып ал

Кыргыз Республикасы абдан бай ресурстарга ээ укмуштуудай тоолуу өлкө. Өлкө Борбордук Азиянын аймагында жайгашкан, анда 6,5 миллионго жакын адам жашайт.
Өлкөнүн уникалдуу жайгашкандыгы, анын тоо чокулары жана сейрек айкалышкан климаттык өзгөчөлүктөрү органикалык азыктарды өстүрүү үчүн идеалдуу жер - эн кооз жерлерди, жапайы жаратылышты түзүү үчүн бардык шарттарды жаратты.
Кыргыз Республикасынын негизги экспорттук статьясы: алтын, агроөнөр жай продукциясынын комплекси, текстиль жана тигүү өндүрүшү, ошондой эле химиялык, өндүрүш жана өнөр жай буюмдары болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын тармактык потенциалы жөнүндө көбүрөөк билүүгө кызыкдар болсоңуз, анда маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз: https://export.gov.kg/ru/for-importers/sector-profiles
Кыргыз Республикасынын экспорттоочуларынын негизги үлүшүн чакан жана орто ишканалар түзөт. Эгер сиз Кыргыз Республикасынан өнөктөштөрдү табууга кызыкдар болсоңуз, анда экспортерлордун тизмеси менен таанышуу үчүн төмөнкү шилтемени караңыз: https://export.gov.kg/ru/for-importers/exporters  

Кыргыз Республикасынын экспорттоочулары үчүн жеңилдетилген режим

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу максатында соода режимдерин жакшыртуу боюнча бир катар иштерди жүргүздү .
1998-жылы Кыргыз Республикасы анын өндүрүүчүлөрүнө жана экспорттоочуларына эң жагымдуу улуттук режимди камсыз кылуу үчүн КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Дүйнөлүк соода уюмуна кирген.

2011-жылы Кыргыз Республикасы КМШ өлкөлөрү менен эркин соода аймагы жөнүндө келишимге кол койгон, анда импорттук тарифтерсиз жана сандык чектөөлөрсүз соода жүргүзүүгө укук берилген.

2015-жылдын август айында Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болуп,  анын аркасында товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин кыймылынын, капитал жана бажы тарифтеринен бошотуу артыкчылыгына ээ болгон. Жогорудагы артыкчылыктарды пайдаланып, өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар 185 миллиондук рынокко, өндүрүлгөн продукцияны  Казакстан Республикасына, Россия Федерациясына, Беларусь Республикасына жана Арменияга алып кире алат.

2016-жылдын январында Евробиримдиктин расмий бюллетенинде Кыргыз Республикасына ВСП+ макамын берүү жөнүндө чечим жарыяланган. ВСП+ өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн преференциялардын жалпы схемасынын (ВСП) компоненти болуп саналат. Бул схема ВСПны мурунтан эле колдонгон жана адам жана эмгек укуктары, туруктуу өнүгүү жана эффективдүү мамлекеттик башкаруу боюнча негизги эл аралык конвенцияларды ратификациялаган жана колдонгон өлкөлөргө кошумча соода стимулдарын сунуштайт.

ВСП+ жогорку преференциялары 6000ден ашык товардык позицияларга тарифтердин толук жоюлушун билдирет. Ата мекендик экспорттоочулар Европа Биримдигине мөмө-жемиштер, кайра иштетилген жемиштер (консервалар, ширелер), кургатылган жемиштер (жаңгак, бадам, мисте), тамак-аш азыктары, тамеки буюмдары, текстиль, кийиз буюмдары, анын ичинде булгаары буюмдары жана килемдер сыяктуу айыл чарба продукцияларын нөлдүк тарифтик ставка боюнча киргизе алышат. Бул Евробиримдик киргизген бир тараптуу чара.

Бажы тарифинен бошотулган товарлардын тизмеси менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот: https://export.gov.kg/ru/for-exporters/analytics/s/spisok-produktov-vklyuchennykh-v-spetsialnyy-lgotnyy-rezhim-vsp

Евробиримдик өлкөлөрүнө, Түркияга, Норвегияга жана Швейцарияга экспорттоону каалаган Кыргыз Республикасынын компаниялары REX системасында каттоодон өтүшү керек. Бул система боюнча көбүрөөк маалыматты төмөнкү шилтемеден тапса болот: https://export.gov.kg/ru/for-exporters/rex

Кыргызстандагы бизнес кызмат көрсөтүүчүлөр

Бир нече оюнчулар нарк чынжырында негизги ролду ойношот. Соода процесси да бир нече этаптан жана ар кандай багыттагы бизнес өкүлдөрүн тартуудан турат.

Эгерде сиз импортер/сатып алуучу болсоңуз жана Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен кызматташууну түзүүгө кызыкдар болсоңуз, бирок финансы, камсыздандыруу, экспедициялык лабораториялык текшерүүлөр жана сертификация ж.б суроолору боюнча кимден кызмат алууну билбей турсаңыз, анда негизги маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз: https://export.gov.kg/ru/for-exporters/services-providers

Кыргыз Республикасынан товарларды алып чыгуунун тартиби

Импорттук-экспорттук операциялар тышкы экономикалык ишти жүргүзүү үчүн уруксаттарды жана башка документтерди алууну талап кылат. Кыргыз Республикасынан товарларды экспорттоодо дагы, мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө органдарына көрсөтүү максатында зарыл болгон документтерди алуу үчүн бир катар процедуралардан өтүү зарыл. Эгерде Сизди Кыргыз Республикасынан товарларды экспорттоо тартиби кызыктырса, анда кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден алсаңыз болот https://info.trade.kg/?l=ru&includeSearch=true

Байланыштар

Кыргыз Республикасынан товарларды импорттоо боюнча кошумча суроолоруңуз болсо, Экономикалык дипломатия департаментине +996 312 624019 телефону же 6pd@mfa.gov.kg электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыз болот.