Маданий-гуманитардык кызматташтык

Эки элдин ортосунда маданий баарлашуу жакшы салт болуп калды. Эки мамлекеттин маданияты менен таанышууда Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын театралдык жамааттарынын ролу чоң. Эки өлкөнүн чыгармачыл коллективдери катышып жаткан фестивалдар байма-бай өтүп, элдердин жакындашуусуна, маданий байланыштарынын чыңдалышына салым кошууда.

2015-жылдын 8-июлунан 13-июлуна чейин Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өттү. 2016-жылдын 16-20-ноябрында Тажикстанда Кыргызстандын маданият күндөрү ийгиликтүү өттү.

Колдонуудагы келишимдерге ылайык жыл сайын Тажикстандын жарандарына Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 25 мамлекеттик бюджеттик орун жана тажик тараптан 55 орун Кыргыз Республикасында жашаган этникалык тажиктердин Тажикстандын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн бөлүнөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги № 81 «Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2018-жылдын январь айында Элчиликтин көмөгү менен Душанбе шаарында Ч.Айтматовдун акыркы чыгармасы  – «Тоолор кулаганда» романы тажик тилинде, 1 миң нускада жарык көргөн.

Романды тажик тилине Тажикстан Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү Хикмат Рахмат которгон. 2018-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков Тажикстан Республикасына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Э.Рахмонго романдын бир нускасын тапшырды.

Тараптар Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөрүлгөн маданий жана спорттук иш-чараларга активдүү катышышат, атап айтканда:

2020-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы элчилиги Душанбе шаарында М. Вахидов атындагы театрда Ч.Айтматовдун романынын негизинде тажик тилинде коюлган «Тоолор кулаганда» спектаклинин премьерасына катышты;

Тажикстан Республикасынын маданият ишмерлери 2021-жылдын февралында «Burana fashion week 2021» эл аралык мода жумалыгына катышышты;

Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлери 2021-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин Душанбе шаарында өткөн «Tajikistan Fashion Week 2021» мода жумалыгына катышышты;

2021-жылдын 18-декабрында  «Душанбе – КМШнын маданий борбору – 2021» жылынын жабылыш аземи жана 2022-жылга эстафетаны Каракол шаарына тапшыруу аземи өткөрүлдү;

Ушул жылдын 6-июнунда Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги «2018-2028-жылдары Суу – туруктуу өнүгүү үчүн» Эл аралык иш-аракеттердин он жылдыгына арналган Жогорку деңгээлдеги эл аралык конференциянын алкагында уюштурулган Эл аралык кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш фестивалына катышты.