Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы эгемендүүлүк алган мезгилден бери төмөнкү негизги экономикалык макулдашууларга кол коюшту: кош салык салуудан качуу жана кирешеге жана капиталга салык төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө (Бишкек, 1998-жылдын 6-майы), товарларды экспорттоого жана импорттоого кыйыр салыктарды алуунун принциптери жөнүндө (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) (Бишкек, 1998-жылдын 6-майы), эркин соода (Бишкек, 2000-жылдын 19-январы), инвестицияларды стимулдаштыруу жана өз ара коргоо (Бишкек, 2000-жылдын 19-январы).

2021-жылдын январь-декабрь айларында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү 27,9 миллион АКШ долларын түздү (өткөн жылдын ушул мезгилинде 37,3 миллион АКШ доллары). Тажикстандан импорт 4,1 млн АКШ долларын (2020-жылы 9,2 млн доллар), экспорт 23,8 млн АКШ долларын түзгөн (2020-жылы 28,1 млн АКШ доллары).

2022-жылдын январь-март айларында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү 0,94 миллион АКШ долларын түздү (өткөн жылдын ушул мезгилинде 12,76 миллион АКШ доллары). Тажикстандан импорт 0,28 миллион долларды (2021-жылы 2 миллион доллар), экспорт 0,66 миллион АКШ долларын (2021-жылы 10,76 миллион доллар) түзгөн.

Негизги экспорттук статьялар: тирүү жаныбарлар, ар кандай тамак-аш азыктары, көмүр, мунай продуктулары, цемент жана башка ар кандай даяр продукциялар.

Негизги импорттук статьялар: электр энергиясы, айнек, чийки жибек, пахта жиптери, түстүү металлдар (алюминий).

Бүгүнкү күнгө карата Өкмөттөр аралык комиссиянын 16 отуруму өткөрүлдү. Өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйыны 1997-жылдын 5 ноябрында Ош шаарында өткөрүлгөн. Комиссиянын акыркы 16-жыйыны 2018-жылдын 18-19-мартында Душанбе шаарында эки өлкөнүн вице-премьер-министрлеринин төрагалыгы алдында өттү.