Маданий-гуманитардык кызматташтык

Кыргыз-тажик элдердин ортосундагы маданий диалог жакшы салт болуп калды. Эки өлкөнүн маданиятын таанытырууда Кыргызстан жана Тажикстандын театр коллективдери чоӊ ролду аткарышат. Эки өлкөнүн чыгармачыл жамааттарды катышкан үзгүлтүксүз өткөрүлгөн майрамдар, элдердин жакындашуусун жана маданий-гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

2015-жылдын 8-13 июлунда Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өттү. 2016-жылдын 16 - 20-ноябрында Тажикстанда Кыргызстандын маданият күндөрү ийгиликтүү өттү. Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү 2018-жылы пландаштырылууда.

Келишимдерге ылайык Тажикстандын жарандарына жыл сайын Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынан 25 бюджеттик орундарды берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасында жашаган этникалык тажиктерге, тажик тарап Тажикстандын жогорку окуу жайларынан 55 бюджеттик орун беришет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ч.Айтматовдун төрөлүшүнүн 90 жылдыгын майрамдоо» жөнүндө №81" жарлыгын аткаруу максатында, 2018-жылдын январында, Элчиликтин жардамы менен, жазуучунун акыркы «Тоолор кулаганда» деп аталган романы, Душанбе шаарында тажик тилинде басылып чыкты. Романды Хикмат Рахмат, Тажикстандын жазуучулар мүчөсү которуп чыккан. 2018-жылдын 1 февралында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков өзүнүн Тажикстан Республикасына болгон расмий сапар убагында, Тажикстан Республикасынын Президенти Э.Рахмонго романдын бир нускасын белек кылып берди.

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги жыл сайын Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандагы аккредиттелген дипломатиялык корпустун арасында өткөзгөн маданий, спорттук иш-чаралар жана майрамдарда катышат.