Саясий кызматташтык
Кыргыз-украин достук мамилелери эки тараптуу сый-мамиленин жана өз ара кызматташуунун негизинде түзүлгөн.
Эки тараптуу кызматташуу орнотулгандан бери эки өлкөнүн ортосунда саясый, соода-сатык, экономикалык жана маданияттык-гуманитардык багыттарда өнөктөштүк мамилелер түзүлгөн.
Дипломатиялык мамилелер орнотулгандан тарта үзгүлтүксүз түрдө жогорку деңгээлдерде эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп жатты: Кыргызстанга 6 иш сапар, Украинага 7 иш сапар жана көп тараптуу форматта 10 жолугушуу.