Дипломатиялык миссиянын башчысы

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Кадыркулов Идрис Анарбекович

1971-жылдын 4-январында туулган.

Билими:

Кыргыз Мамлекеттик улуттук университети “Экономика жана башкарууну уюштууруу” кесиби (1996-ж.), Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясы “Мамлекеттик саясат жана башкаруу жогорку мектеби” кесибинин магистри (2015-ж.), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиясынын “Эл аралык мамилелер” кесиби боюнча магистри
(2019-ж.).

Иш тажрыйбасы:

1994-1988-жж. – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги.

1998-2016-жж.Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик кызматы.

2016-ж.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Баңги затты көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматынын Төрагасынын Биринчи орун басары.

2016-2018-жж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик кызматы.

2018-2019-жж.Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик кызматынын Төрагасы.

2022-жылдын 25-январынан тарта Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.