Пайдалуу маалымат

Украинада жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кеӊештер (сунуштар жана башкалар)

УКРАИНАГА ЖӨНӨП ЖАТКАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЭСКЕРТМЕ

Кирүү шарттары: Визасыз кирүү (90 күнгө чейин, Кыргыз Республикасынын жарандары биринчи кирген күндөн тартып 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашык эмес, Украинада убактылуу жүрө алышат). Негизи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосунда жарандардын өз ара визасыз жүрүүлөрү жөнүндө Макулдашуу.

Мындан тышкары, Украинанын аймагындагы согуштук абалдын күчүнө киришин эске алууну суранабыз. Ушуга байланыштуу, бул өлкөгө баруу чечимин кабыл алуудан мурун Кыргызстандын Украинадагы элчилигине кайрылууну сунуштайбыз.

Кыргыз Республикасынын жарандарына Украинага визасыз кирүү, чыгуу, транзит аркылуу өтүү  үчүн документтердин тизмеси:

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык (чет өлкөгө чыгуу) паспорту;

2. Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту;

3. Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспорту;

4. Матростун паспорту (кемелик күбөлүк же анын көчүрмө бөлүгү болсо);

5. Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү;

6. Жашы жете электердин үчүнчү жак менен коштолгон учурда жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн Украинага баруусуна жана кайта келүүсү үчүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу.

16 жашка чейинки курактагы балдар үчүн Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет өлкөгө чыгуу) паспортунун болуусу талап кылынат.

Миграциялык каттогоо алуу

Кыргыз Республикасынын жарандары Украинанын компетенттүү органдарында (жашаган жери боюнча каттоо) 90 күнгө чейин убакытка каттоодон өтүү милдетинен бошотулат.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Украинанын аймагында убактылуу болуу/жүрүү мөөнөтү кирген күндөн тартып эсептелет. Кыргыз Республикасынын жараны Украинанын аймагында 90 күндөн ашык болуу үчүн максатына жараша, тиешелүү категориядагы визаны алууга милдетүү.

КӨҢҮЛ БУРГУЛА

Чет өлкөлүк жаран төмөнкүдөй шарттарда Украинага кирүүсүнө уруксат берилет:

Украинанын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга карата анын Украинага кирүүсүнө тыюу салуу жөнүндө чечими жоктугу;

- өлкөдө болуусунун максаттуулугун ырастоо.

Чет өлкөлүк жарандын Украинанын аймагына кирүүсү үчүн зарыл шарттарынын бири болуп, Украинанын аймагына пландаштырылган болуу ниетин тастыктоо жөндөмдүүлүгү болуп саналат. Ырастоо болуп, анын ичинде, жеке же юридикалык жактардын чакыруусу, ошондой эле транспорт каражаттары менен кайра кайтуу билети.

- пландаштырылган болуу убакыт мезгилинде үчүнчү өлкөгө транзиттик өтүү же өзүнүн келген мамлекетине кайтуу үчүн, же Украинанын аймагында мыйзамдуу жол менен каржылык колдоо алууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги, жетиштүү каржылык камсыз болушу. Жетиштүү каржылыкты камсыздоону ырастоо тартиби Украинанын Министрлер кабинетинин 2013-жылдын № 4-декабрындагы № 884, «Чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын Украинага кирүүгө жетиштүү камсыз кылуу үчүн каржылоо жана тастыктоо, Украинанын аймагында болуу, Украина аркылуу транзиттик өтүү жана анын аймагынан чыгуу жана андай камсыздоонун өлчөмүн аныктоо жөнүндө» токтому менен бекитилген.

2013-жылдын № 4-декабрынында Украинанын Министрлер кабинетинин № 884 «Чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын Украинага кирүүгө жетиштүү камсыз кылуу үчүн каржылоо жана тастыктоо, Украинанын аймагында болуу, Украина аркылуу транзиттик өтүү жана анын аймагынан чыгуу жана андай камсыздоонун өлчөмүн аныктоо жөнүндө» токтому кабыл алынган.

Ал эми, ушул Тартиптин таасири төмөнкүгө жайылтылбайт:

  1. Украинада туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата;
  2. Жашы 18 жашка жете элек жарандыгы жок адамдарга, круиз жасаган чет өлкөлүк туристтерге;
  3. Украинанын “Кошумча же убактылуу коргоону талап кылынуучу качкындар жана адамдар жөнүндө” мыйзамынын аракеттери таралган чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдарга.

Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Украинага кирүү үчүн, Украинанын аймагында болууга, Украинадан транзиттик өтүү жана анын аймагынан башка мамлекетке чыгуу үчүн, эгер мыйзамдарда башка белгиленбесе, алардын Украинага кирүү күнүнө карата Украинада белгиленген айына бир адамга 20-эсептик көрсөткүч жашоо-тиричилик минимум наркы каражатынын болуусу тийиш

Украинанын “2013-жылга карата Украинанын Мамлекеттик бюджети жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык жашоо-тиричилик минимум наркы 2022-жылдын 1-ильдан тарта бир адамга айына 2508 гривен белгиленген. Ошол эле учурда, күнүнө 1000 гривен өлчөмүндө каржылык ресурстарга ээ болуу сунушталат.

1. Украинанын "Чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө" Мыйзамынын 21-беренесинин үчүнчү бөлүгүнө ылайык каржылык колдоосу же анын катышуусу кепилдиги бар контролдоо боюнча сунуштамасы менен ырасталса болот:

2. Украинанын улуттук валютасынын же болбосо чет өлкөнүн алмашымдуу валютасы акча каражаттары;

3. Украинанын банктык мекемелеринде акча каражаттарынын суммасын көрсөтүү менен акчаны ала тургандыгын негизи  болгон болгон документ;

Арыз берүүчүнүн акча каражатынын бар экендигин тастыктоочу жеке банктык эсебинен көчүрмө бөлүк , эл аралык төлөм системасынын төлөмдүк картасы;

4. Украинада тамактануусун төлөө, турак жайын ээлемдөө же төлөгөндүгү жөнүндө ырастамасы;

5. Туристтик тейлөө үчүн келишим (ваучер);

6. Чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды чакырган кабыл алуучу тараптын алардын Украинанын аймагында болуусуна жана Украинанын аймагынан чугуусуна байланышкан бардык коромжуларды төлөө жоопкерчилигин өзүнө алуу тууралуу кепилдик каты.

7. Туруктуу жашаган өлкөсүнө же жарандык өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө кайтуу үчүн жол чыптасы.

 

Киев шаарындагы жактоочулардын тизмеси:

Уюмдун аталышы

(аты-жөнү)

Байланыш телефондору

Кошумча маалымат

Украинанын Адвокатурасы

Жактоочу, Академик,

Укук илимдеринин доктору,

к.ю.н., доцент

Украинанын чыгаан юристи

Бегов Давлат

Джурабекович

моб: +38 (098) 0445500

 

e-mail: davlatbegov@gmail.com

Кылмыш укугу

Жарандык укук

Административдик иштер

«АРТЕЛЬ АДВОКАТОВ» жактоочулардын бирикмеси

жактоочу, «АРТЕЛЬ АДВОКАТОВ» агенттигинин тең негиздөөчүсү

Коржук Игорь Александрович

04070, Киев шаары,  Борисоглебская көчөсү, 16-В үйү 2-офис

тел./факс: (044) 425-46-64,

уюлдук байланыш. (067) 454-69-70

e-mail: office@taxlawyers.com.ua

korzhuk@ taxlawyers.com.ua

www.TAXLAWYERS.COM.UA,

FACEBOOK.COM/TAXLAWYERS.COM.UA,

TWITTER.COM/LFTAXLAWYERS

Сот иштерин алып баруу. Жарандык кодекс. Үй-бүлөлүк укук, эмгек укугу, административдик иштер, Кылмыш укугу.

 

«КЛОЧКОВ жана ӨНӨКТӨШТӨР»

Адвокаттык бирикмеси

logo_KP_black

 

Владимир Клочков

Адвокат, жетектөөчү өнөктөш

Киев шаардык адвокатурасынын мүчөсү

Украинанын улуттук адвокаттар ассоциациясынын адвокаттарды коргоо комитетинин жеткечисинин орун басары

+38 (044) 285-02-91,

+38 (050) 463-71-71

info@klochkov.partners

http://klochkov.partners/

 

+38 (098) 001-20-30,

(Viber, Telegram, WhatsApp)

+38 (050) 463-71-70

klochkov@klochkov.partners

Кылмыш укугу жана жазыктык процесс

Бизнести коргоо

Интерпол каналы боюнча Эл аралык издөө

Интеллектуалдык укугу

Чарба укугу

Соттук практика

Чыр чатактарды чечүү

Жеке кардарлар

Экономикалык жана жеке физикалык коопсуздук

Иван Староста,

Адвокат, Өнөктөш

+38 (066) 571-47-94,

+38 067 415-55-52

starosta@klochkov.partners

 
Профсоюздук уюм "Справедливость"

+380-96-929-18-26

https://gconsulting.com.ua/ppo-spravedlivost/

Иш берүүчү тарабынан төлөнбой калаган айлык-маяналарды төлөтүү маселелери

 

Маанилүү маалымат