Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Президенти Янош Адерге ишеним грамотасын тапшырды

1514

2022-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Президенти Янош Адерге ишеним грамотасын тапшырды.

Шандор сарайында ишеним грамотасын тапшыруу аземинен кийин Элчи Т.Кушчубеков Венгриянын Президенти Я.Адер менен кыргыз-венгер кызматташтыгынын жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн бир катар маанилүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Т.Кушчубеков Венгриянын Президенти Янош Адерге Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун атынан ысык салам жана жакшы каалоолорду жеткирип, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата куттуктоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Элчи Т.Кушчубеков белгилегендей, быйыл Кыргызстан менен Венгрия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгын белгилейт. Буга байланыштуу юбилейлик жылда Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана прогрессивдүү өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, атап айтканда, жогорку деңгээлдеги иш сапарларды, экономикалык, маданий-гуманитардык мүнөздөгү иш-чараларды, тегерек столдорду уюштуруу.

Венгриянын Президентине Кыргыз Республикасындагы бардык саясий процесстердин аяктагандыгы, анын ичинде 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча өткөн референдумдун жыйынтыктары, ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоо тууралуу кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, Элчи Т.Кушчубеков белгилегендей, быйыл кыргыз тарап Венгриянын Премьер-министри В.Орбанды Кыргыз Республикасына мамлекеттик иш-сапары менен келишин күтүүдө.

Президент Я.Адер Кыргызстандын Президентинин жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип, өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровго эң жылуу жана достук салам сөздөрүн жеткирүүнү өтүндү, ал эми Кыргызстандын элине тынчтыкты жана бакубатчылыкты каалады.

Венгриянын Президенти Я.Адер Элчи Т.Кушчубековго Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү жолунда жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Ошону менен бирге, Элчи Т.Кушчубеков Баатырлар аянтына гүлчамбар коюу аземине катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK