2022-жылдын 11-февраль айында “Кыргыз Республикасындагы жана Венгриядагы туристтик тармактын потенциалы” кыргыз-венгер видеоконференциясы болуп өттү.

1531

2022-жылдын 11-февраль айында “Кыргыз Республикасындагы жана Венгриядагы туристтик тармактын потенциалы” кыргыз-венгер видеоконференциясы болуп өттү.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин өкүлдөрү, Венгриянын Туризм агенттигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчиликтин өкүлдөрү, WizzAir Group авиакомпаниясынын өкүлдөрү жана Кыргызстандын 20дан ашык туристтик агенттиктери катышты.

Конференцияда катышкан өнөктөш топтордун өкүлдөрү ачылыш сөз сүйлөдү. Кыргыз Республикасындагы жана Венгриядагы туризм потенциалы тууралуу слайдшоу көрсөтүлдү. Эки өлкөнүн туристтик фирмалар ассоциациялардын өкүлдөрү туристтик компаниялардын туризм тармагынды ишкердүүлүгү жана кызматтарынын спектри тууралуу бөлүштү. Ошондой эле конференциянын жүрүшүндө компаниялар бири-бирине суроо-жоопторун берип, мындан аркы кызматташуу үчүн байланыштарды алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бул иш-чара туризм тармагындагы кыргыз-венгер кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошуп, эки өлкөнүн туристтик потенциалын жайылтууга түрткү берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK