Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен телефон аркылуу сүйлөштү

1502

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-апрелде, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргыз-венгер эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу багыттары жана келечеги талкууланды.

Садыр Жапаров Виктор Орбанды жана «ФИДЕС» партиясынын лидерин 3-апрелде өткөн парламенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, ага чоң ийгиликтерди каалады.

Баарлашуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров алдыдагы мааракелүү дата — эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын канааттануу менен белгилеп, учурдагы кыргыз-венгер мамилелерине жогору баа берди.

Ал Кыргызстан менен Венгриянын стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары биргелешип бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Виктор Орбан Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-венгер мамилелерин мындан ары эки тараптуу форматта да, көп тараптуу кызматташуунун алкагында да тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында кызматташууну бекемдөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча системалуу иштерди улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK