2022-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мажаристандагы Элчилигинде Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын негизинде билим алган кыргызстандын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү менен биринчи жолугушуусу болуп өттү.

2139

2022-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мажаристандагы Элчилигинде Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын негизинде билим алган кыргызстандын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү менен биринчи жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууну Кыргызстандын Мажаристандагы элчиси Талантбек Кушчубеков ачты. Т.Кушчубеков өз сөзүндө студенттерге элчиликтин Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду.

Жолугушууда баяндамачы катары катышкандар:

  • Айдай Анарбек кызы, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) ФАОнун Европа жана Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү;
  • Нурсултан Нурмамбетов, ExxonMobil;
  • Айзат Маратова , Citi Bank Europe Plc;
  • Анара Мелисова, Morgan Stanley;
  • Айдай Чекирова, Tech Mahindra;
  •  Арина Тургунбекова, КР Мажаристандагы Элчилигинин секретарь- референти;
  • Каныбек Маматов - Samsung SDI Project – Vapisa kft.

Жагымдуу маанайда чакырылган спикерлер өздөрүнүн ийгиликтери менен бөлүшүп, тажрыйба топтоп, Мажаристанда жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги тууралуу айтып беришти, ошондой эле студенттердин бардык суроолоруна жооп беришти.

Белгилей кетсек, КРнын Мажаристандагы Элчилиги чакырылган бүтүрүүчүлөр менен биргеликте интерактивдүү конкрус ойнотуп, иш-чаранын конокторуна белектерди тапшырышты.

Кыргыз Республикасынын Мажаристандагы Элчилиги Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын бүтүрүүчүлөрүнө жана  студенттерине ар жылы өтүүчү биринчи жолугушууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK