2022-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Мажаристандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков «ELTE» Этвёш Лоранд университетинин ректору, Мажаристандын ректорлор Конференциясынын президенти Ласло Борхи менен жолугушту.

975

2022-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Мажаристандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков «ELTE» Этвёш Лоранд университетинин ректору, Мажаристандын ректорлор Конференциясынын президенти Ласло Борхи менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Мажаристандын билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыгынын деңгээли тууралуу пикир алышышты, ошондой эле келечектеги кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Т.Кушчубеков билим берүү тармагындагы эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерине, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн перспективаларына жана пландарына кыскача токтолду. Өз кезегинде Л.Борхи үстүбүздөгү жылдын 10-11-октябрында Кыргыз Республикасына болгон жумушчу сапарынын жыйынтыктары менен бөлүшүп, Мажаристандын ректорлор Конференциясынын иши жана аны өнүктүрүүнүн мындан аркы пландары тууралуу кеңири айтып берди, ошондой эле Этвёш Лоранд университетинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Андан ары КРнын Мажаристандагы Элчиси Т.Кушчубеков Этвёш Лоранд университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Т.Кушчубеков өз сөзүндө студенттерге элчиликтин Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер Элчиге кызыккан суроолорун бере алышты. Студенттердин турмушунун актуалдуу маселелери, Мажаристандын жогорку окуу жайларында билим алуунун формасы жана башка кептеген темалар боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK