2022-жылдын 29-октябрында Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилиги тарабынан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү арасында биринчи жолу футбол боюнча турнир уюштурулду.

1683

2022-жылдын 29-октябрында Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын  Элчилиги тарабынан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү арасында биринчи жолу футбол боюнча турнир уюштурулду. Жыл сайын өткөрүлүүчү бул турнир Будапештте Кыргыз Республикасынын элчилигинин түзүлгөндүгүнө 1 жылдыгына карата жана КРнын Мажарстандагы Элчисинин кубогу жыл сайын уюштурулуп турары белгиленди.  

Бул футболдук мелдешке жалпысынан 8 команда катышты. Турнирге Мажарстандын ар кайсы шаарларынан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү келип катышышты.

Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков мелдештин жалпы катышуучуларын Элчиликтин ачылышынын бир жылдыгы менен куттуктап, мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгү Мажарстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдүрүнүн  патриоттук духун тарбиялоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Турнирдин жыйынтыгында элчи Т.Кушчубеков жеңүүчүлөргө медалдарды жана грамоталарды тапшырды. «Papa FC» командасы футболдук турнирдин жеңүүчүсү болуп, КР Мажарстандагы Элчисинин  кубогунун биринчи ээси болушту.

Майрамдык иш-чарага 150гө жакын кыргыз жарандары катышышты. Келген конокторго кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даамдар тартууланды. Иш-чара жылуу жана достук маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK