Будапешт шаарында жайгашкан Кыргызстандын Словениядагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Словениянын Президенти Наташа Пирц-Мусарга ишеним грамотасын тапшырды.

224

2023-жылдын 12-июнунда резиденциясы Будапешт шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Словения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Словения Республикасынын Президенти Наташа Пирц-Мусарга ишеним грамотасын Любляна шаарындагы Президентинин сарайында тапшырды.

Ишеним грамоталарын тапшыруунун расмий аземинен кийин Элчи Т. Кушчубеков Словения Республикасынын Президенти Наташа Пирц-Мусар айым менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Т. Кушчубеков Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровдун Словения Республикасынын Президенти Наташа Пирц-Мусарга келе жаткан Словения Республикасынын улуттук майрамы – Мамлекеттүүлүк күнүнө байланыштуу куттуктоосун тапшырды. Тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну, ошондой эле 2024-жылы өтө турган эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгын белгилөө маселесин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгилешти. Ошондой эле эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери жана Кыргыз Республикасы менен Словения Республикасынын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун келечеги талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Элчи Т.Ч.Кушчубеков Президент Наташа Пирц-Мусарга эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, аны мындан ары да бекемдөө жана кеңейтүү үчүн баардык күч-аракетин жумшарын ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK