Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Мажарстандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин коопсуздук саясаты жана энергетикалык коопсуздук боюнча мамлекеттик катчысы Петер Старай менен жолугушту

166

2023-жылдын 3-августунда Будапештте Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Мажарстандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин коопсуздук саясаты жана энергетикалык коопсуздук боюнча мамлекеттик катчысы Петер Старай менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев менен Мажарстандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийяртонун деңгээлинде жакында өткөн Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 3-отурумунун жыйынтыктарын талкуулашты. Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана өнүктүрүү келечеги тууралуу пикир алмашышты.

Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын Европа Биримдигинин эл аралык уюмдарынын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге да токтолушту.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Мажарстандын, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну бекемдөөгө багытталган биргелешкен ишти улантууга макулдашышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK