2023-жылдын 28-августунда Мажарстандын Лакителек аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович «Лакителек» фольклордук борборунун аймагында манасчы Саякбай Карала уулунун эстелигинин ачылыш аземине катышты.

210

2023-жылдын 28-августунда Мажарстандын Лакителек аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович «Лакителек» фольклордук борборунун аймагында манасчы Саякбай Карала уулунун эстелигинин ачылыш аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чарага Мажарстандын Улуттук жыйынынын спикери Л.Кевер, Мажарстандын Улуттук жыйынынын С.Лежак, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы С.Раев жана Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчиси Т.Кушчубеков катышты. Иш-чарага официалдуу меймандар катарында Мажарстандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, коомдук жана саясий ишмерлер, Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү жана достору чакырылды.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө улуу манасчы – Саякбай Карала уулунун эстелиги Мажарстанда тургузулушу бүтүндөй кыргыз эли үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.

«Манас» дастаны көп кылымдардан бери ооздон оозго көчүп, атадан балага өтүп келаткан кыргыз элинин эң башкы көркөм дөөлөттөрүнүн бири болуп саналат. Биз үчүн элдик көркөм чыгарма катары да, элдин тарыхый таржымалы катары да, улуттук идеология башаты катары да, улуттук кайра жаралуу дүйнө таанымы катары да, ар тараптуу илимий негиз катары да анын мааниси зор.» - деп баса белгиледи С. Касмамбетов.

Кеченин алкагында КР эл артисттеринин катышуусунда майрамдык концерт тартууланды. Иш-чаранын коноктору кыргыз манасчыларынын, дастанчыларынын, комузчуларынын өнөрлөрүнөн ырахат алышты.

Маалымат үчүн: «Лакителек» фольклордук борбору Лакителек аймагында, Будапешт шаарынан 100 км аралыкта жайгашкан. Борбор Мажарстандын Улуттук жыйынынын вице-спикери С.Лежак тарабынан негизделген жана мажарлардын салттуу кол өнөрчүлүгү менен искусствосун изилдөөчү жай болуп саналат. Борбор дайыма мастер-класстарды, концерттерди, көргөзмөлөрдү жана фестивалдарды өткөрүп турат. Борбордун ишмердүүлүгүндө түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятына жана тарыхына көп көңүл бурулат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK