2023-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Мажарстадагы Элчилиги, Мажарстандын университеттеринде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер үчүн Мажарстандын Улуттук жыйынына таанышуу сапарын уюштурду.

155

2023-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Мажарстадагы Элчилиги, Мажарстандын университеттеринде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер үчүн Мажарстандын Улуттук жыйынына таанышуу сапарын уюштурду.

Экскурсиянын алкагында кыргызстандык студенттер Мажарстандын Улуттук жыйынынын Вице-спикери Шандор Лежак мырза менен жолугушуу болуп өттү. Саламдашуу сөзүнөн кийин, Ш. Лежак Борбордук Азия өлкөлөрүнөн бири Кыргыз Республикасына болгон өзгөчө мамилеси тууралуу айтып берди, анткени ал Кыргызстанды биринчи жолу жаш кезинде атактуу мажар чыгыш таануучусу Арминий Вамберинин “Борбордук Азиядагы саякаттары” китеби аркылуу ачкан. Ошондой эле Ш.Лежак Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы мамилелерде жалпы тарыхый, географиялык жана маданий тамырларга өзгөчө маани берилерин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Мажарстандын Улуттук жыйынынын Вице-спикери Ш.Лежак кыргызстандык студенттерге өзү түзгөн Лакителек Элдик институтунун ишмердүүлүгү, анын алкагында дүйнө тилдери жана маданияты изилденип жаткандыгы, Мажарстандын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары менен студенттери үчүн билим берүү долбоорлору жана программалары ишке ашырылып жаткандыгы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Ш.Лежак Мажарстанда манасчы Саякбай Каралаевдин эстелигин орнотуу жана Кыргызстандан маданият жана искусство ишмерлерин чакыруу тууралуу сөз кылды.

Жолугушуудан кийин кыргызстандык студенттер үчүн Мажарстандын парламентинин имаратында экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө студенттер негизги залдарды жана имараттарды кыдырып, Мажарстандын Улуттук жыйынынын тарыхы жана түзүмү менен таанышышты.

Элчилик Мажарстандын Улуттук жыйынынын Вице-спикери Шандор Лежак мырзага жана Вице-спикердин Катчылыгынын башчысы Ю.Кишфалуди-Бак айымга бул иш-чараны өткөргөндүгү үчүн тереӊ ыраазычылык билдирет. Бардык студенттерге активдүү катышкандыгы үчүн дагы өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK