2023-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилигинде Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын кыргызстандык студенттери менен жылдык жолугушуу болуп өттү.

155

2023-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилигинде Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын кыргызстандык студенттери менен жылдык жолугушуу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Т.Кушчубеков өз сөзүндө студенттерге элчиликтин эки тараптуу жана консулдук иштердин ар кандай багыттары боюнча учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерин кыскача талкуулады. Элчи мажар тарап менен ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган биргелешкен долбоорлор тууралуу маалымат берип, иш-чаранын соңунда катышуучуларга калоо сөзүн айтты.

Жолугушууга мажардык алдынкы ишканалардын өкүлдөрү баяндамачы катары төмөнкүлөр катышты: GE Healthcare – К. Абеков, EPAM Systems Inc. – Т. Жолдошбеков, Citi Bank Europe Plc – А. Маратова и Ж. Канатбекова, Morgan Stanley – А. Мелисова, Agoda International Hungary – А. Чекирова, Vapisa kft. – К. Маматов.

Чакырылган баяндамачылар өздөрүнүн ийгиликтери, алган тажрыйбалары менен бөлүшүп, Мажарстанда толук эмес жумуш убактысында иштөөнүн мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги жөнүндө айтып беришти, ошондой эле студенттердин бардык суроолоруна жооп беришти. Иш-чаранын аягында бардык катышуучуларга эстелик үчүн белектер тапшырылды.

Элчилик Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын бүтүрүүчүлөрүнө жана студенттерине иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK