2023-жылдын 16-ноябрында Будапешттеги Этнография музейинде Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгын белгилөөнүн алкагында Мажарстанда кыргыз кино күндөрүнүн расмий ачылышы болду.

152

2023-жылдын 16-ноябрында Будапешттеги Этнография музейинде Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгын белгилөөнүн алкагында Венгрияда кыргыз кино күндөрүнүн расмий ачылышы болду.

Иш-чарага Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин жана башка ведомостволорунун өкүлдөрү, Будапештте аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, маданият ишмерлери, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандан келген студенттер катышышты.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Т.Кушчубеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, Чыңгыз Айтматовдун Кыргызстандын маданиятын жайылтууга кошкон эбегейсиз салымын белгилеп, жазуучунун чыгармалары дүйнөнүн 150дөн ашык тилине которулуп, алардын негизинде дүйнөлүк кинематографиянын алтын фондуна кирген 30дан ашык көркөм тасмалар тартылганын билдирди.

Мындан тышкары, Элчи Ч.Айтматовдун 60-80-жылдары Кыргыз ССРинин Кинематографисттер союзунда иштеп турганда кыргыз киносунун өнүгүшүнө жана ата мекендик кинонун “кыргыз керемети” феноменинде негизги роль ойногонун баса белгиледи.

 2023-жылдын 16-17-ноябрында Будапешттеги Этнография музейинде Кыргыз киносунун күндөрүндө Мажарстандагы көрүүчүлөргө «Шамбала», «Ак кеме» жана «Сагынбай манасчы» тасмалары тартууланды.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK