Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилиги «Айтматовдук окуу» маданий агартуу иш-чарасын өткөрдү.

188

          2023-жылдын 19-декабрында дүйнөгө белгилүү жазуучу, дипломат, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдык мааракесин белгилөө алкагында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилиги Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Венгриядагы Өкүлчүлүгү менен биргеликте «Айтматовдук окуу» маданий агартуу иш-чарасын өткөрдү.

         Иш-чарага Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Будапештте аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, Ч.Айтматовду жеке билген маданият өкүлдөрү, ошондой эле ТМУ өлкөлөрүнөн келген студенттер катышышты.

         Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Т. Кушчубеков жана Венгриядагы ТМУ Өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучу Т. Кыдыров куттуктоо сөз сүйлөп, Чыңгыз Айтматовдун монументалдуу инсанынын заманбап адабияттын контекстинде гана эмес, Кыргызстандын жана СССР дипломатиялык кызматын өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымын жана таасирин баса белгилешти. Элчи Т.Кушчубеков 2006-жылы Венгриянын Президенти тарабынан Ч.Айтматовдун Венгриянын жогорку мамлекеттик ордени – Офицердик крест менен сыйланышынын кыргызстандыктар үчүн маанисин белгиледи.

         Иш-чаранын жүрүшүндө венгриялык Айтматов таануучулар, академиктер Д.Шомфай, Э.Янчикити жана З.Яноши баяндамаларды жасап, Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча терең изилдөөлөрү менен бөлүшүп, чыгармачылыктын көркөм жактарын гана эмес, анын заманбап коомдун жашоо образына жана баалуулуктар системасына тийгизген таасирин баса белгилешти.

         Иш-чара жазуучунун «Саманчынын жолу», «Жамиля» жана «Тоолор кулаганда» чыгармаларынан үзүндүлөрдү ТМУ өлкөлөрүнөн келген студенттердин өз эне тилдеринде көркөм окуу менен аяктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK