2024-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80-жылдыгын белгилөө алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин көмөгү менен Кыргызстандын Будапешттеги Элчилигинде “Руханий Мурас – Мезгил Байланышы” аттуу концерттик программа болуп өттү.

177

2024-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80-жылдыгын белгилөө алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин көмөгү менен Кыргызстандын Будапешттеги Элчилигинде “Руханий Мурас – Мезгил Байланышы” аттуу концерттик программа болуп өттү.

Иш-чарада музыкант, мультиинструменталист, композитор, КР Эл артисти Н.Нышановдун жана Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисттери Кыргыз Республикасынын Эл артисти Б.Ыбыкеев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти З.Райымбекова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти А.Момунова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти А.Саралаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Т.Найманбаев жана коштоочу Н.Токтобекованын өнөрлөрү тартууланды.

Мындан тышкары, "Бугу эне жөнүндө уламыш" аталышында Ч.Т.Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде КР Дизайнерлер союзунун мүчөсү, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Г.Акматованын костюмдарынын коллекциясы көрсөтүлдү.

Концерттин расмий бөлүгүн Элчи Т. Кушчубековдун куттуктоо сөзү менен башталып, ал Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын быйыл 80-жылдык мааракесин белгилеп жатканын канааттануу менен белгилеп, ошондой эле бул иш-чаранын өзгөчөлүгүн Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигинин жаңы имаратында биринчилерден болуп концерт өткөрүлүшү, мындай иш-чараларды өткөрүү кабыл алган өлкөлөрдө элдик маданиятты сактоого жана жайылтууга, анын руханий дөөлөттөрүн өсүп келе жаткан муунга жеткирүүгө жакшы өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Иш-чаранын меймандары болуп Венгрияда жашаган мекендештер, ошондой эле маданият ишмерлери жана мажар чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү болушту.

Долбоордун уюштуруучулары Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Н.Рахмадиева жана «Устатшакирт плюс» коомдук фондунун аткаруучу директору Н.Бараканова болушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK