Кыргызстандын делегациясы Душанбеде өтүп жаткан суу боюнча эл аралык конференцияга катышууда

1392

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова жетектеген КРнын Айыл чарба министрлигинин Суу чарба кызматынын жана КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрүнөн турган делегация Эл аралык иш-аракеттер он жылдыгына арналып, Душанбе шаарында өтүп жаткан “Суу туруктуу өнүгүү үчүн” аттуу жогорку деңгээлдеги экинчи эл аралык конференциясына катышууда.

Иш-чара чет мамлекеттердин өкмөттөрүнүн, эл аралык жана регионалдык уюмдардын, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген эксперттик жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүүдө.

Конференциянын алкагында Тышкы иштер министринин орун басары Д.Кемелова «Аймактык суу кызматташтыгы» аттуу Борбордук Азия форумунда сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүшүнүн суу менен камсыздоо, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасирине байланышкан көйгөйлөргө токтолду. Ушуга байланыштуу ал аймактын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга чакырды. Д.Кемелова аймакта сууну пайдалануунун компенсациялык жана экономикалык механизмдери иштелип чыгып, ишке ашырылышы зарылдыгын белгиледи. Ал БУУнун алкагында көтөрүлгөн тоолорду туруктуу өнүктүрүү, мөңгүлөрдү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелерине арналган демилгелер жана резолюциялар тууралуу маалымат берди.

Форумга катышуунун алкагында КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Д.Кемелованын БУУнун Европа Экономикалык комиссиясынын Аткаруучу катчысы О.Алгаерова менен жолугушуусу болуп өтүп, анын жүрүшүндө тараптар социалдык-экономикалык өнүгүүнүн, суу жана экологиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, Динара Кемелова БУУнун алкагында Кыргыз Республикасынын тоо демилгелерин илгерилетүүгө, Жалпы преференциялар системасы + (ЖПС+) статусуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Ошону менен бирге, транспорттук инфраструктура чөйрөсүндө регионалдык кызматташууну тереңдетүүнүн жана сооданы кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK