Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү

3621

2021-жылдын 6-майында  Нью-Йорктогу Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Баарлашуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы катчысына 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуялар жана Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарындагы учурдагы кырдаал жөнүндө кеңири маалымат берди. Тактап айтканда, ал куралдуу кагылышуунун кесепетинен өлкөнүн 36 жараны каза болгонун, Кыргыз Республикасынын 200дөн ашуун жараны жаракат алып, ооруканага түшкөнүн, ондогон адамдардын абалы оор экендигин айтты. Кыргыз Республикасынын он миңдеген жарандары туруктуу жашаган жерлерин таштап кетүүгө аргасыз болушкан, үйлөр, билим берүү мекемелеринин имараттары жана Баткен облусунун инфраструктурасы талкаланган.

Туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева Кыргыз Республикасы ар дайым чек ара маселелерин тынчтык жолундагы сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечүүнү жактап келээрин айтты.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү БУУнун Башкы катчысына БУУнун жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө, ички жер которгон адамдарга жардам берүүгө, ошондой эле Баткен облусунда кыйраган инфраструктуралык объектилерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш карапайым адамдардын өлүмүнө, көптөгөн курмандыктарга жана куралдуу кагылышуунун натыйжасында кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты. Ал чек арадагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп, ыкчам маалымат алып турганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго тынчтык келишимдерине жетишкендиги үчүн жана кыргыз тараптын бардык маселелерди жалаң гана тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу чечүү боюнча милдеттенмеси үчүн ыраазычылыгын билдирди. Башкы катчы БУУ Кыргыз Республикасына кырдаалды турукташтырууга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин жана Кыргызстан бул багытта БУУнун ар тараптуу колдоосуна ишене алаарын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK