Нью-Йорктогу Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу Өкүлү Миргуль Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын жаңы дайындалган орун басары - Эң аз өнүккөн өлкөлөр, Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана Кичи Аралдын Өнүгүп жаткан Мамлекеттери боюнча Жогорку Өкүлү Кортни Раттрей менен жолугушту

3058

2021-жылдын 12-августунда Нью-Йорктогу Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу Өкүлү Миргуль Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын жаңы дайындалган орун басары - Эң аз өнүккөн өлкөлөр, Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана Кичи Аралдын Өнүгүп жаткан Мамлекеттери боюнча Жогорку Өкүлү Кортни Раттрей менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө М.Молдоисаева тоолуу өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө жана башка шарттарга байланыштуу, анын COVID-19 пандемиясы себебинде начарлап кеткени тууралуу көйгөйлөрүн маалымдады. Бул багытта ал Кыргыз Республикасынын демилгелери жөнүндө, атап айтканда, 2019-жылы БУУга мүчө мамлекеттердин расмий эмес бирикмеси - Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобу, анын тоолуу өлкөлөргө жардам берүү маселелери боюнча диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында түзүлгөндүгү жөнүндө белгиледи.

Туруктуу өкүл М.Молдоисаева Эң аз өнүккөн өлкөлөр, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жана кичинекей аралдык өнүгүп келе жаткан мамлекеттер боюнча Жогорку Өкүлчүлүктүн Кеңсеси тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурары тууралуу үмүтүн билдирди.

Өз кезегинде, К.Раттрей Кыргыз Республикасын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы ишмердүүлүгүндө колдоого даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ийгиликтүү иштөөнү каалашып, мындан ары өз ара жемиштүү кызматташууну улантууга кызыктар экенин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK