Урматтуу АКШнын Нью-Йорк шаарында туруктуу же убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары!

3289

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2021-жылдын 29-августундагы №370 жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген

Чет мамлекеттерде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы №698 Токтомуна ылайык, алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарында
№ 9054 шайлоо участогу түзүлдү. Дареги: 866 United Nations Plaza, Suite 476 New York, NY 10017.

Жарандардан алдыдагы добуш берүүгө активдүү катышып, Нью-Йорк шаарындагы жогорудагы дарек боюнча шайлоо участогуна келүүсүн суранабыз.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, биометрикалык маалыматын тапшырган жана чет өлкөдө консулдук каттоодо турган жарандар автоматтык түрдө тиешелүү участкадагы шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Консулдук каттоодон өтпөгөн жана биометрикалык маалыматын тапшырбаган шайлоочулар 2021-жылдын 12-ноябрына чейин жогорудагы дарек боюнча шайлоо участогуна келип, бул процедуралардан өтүүгө болот. Ошол эле учурда, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу жана консулдук каттоодон өтүү үчүн электрондук почта же телефон аркылуу алдын ала жазылууңуздарды суранабыз: (kyrgyzstan.un.ny@mfa.gov.kg,
тел.: +1 212-486-4654, mob./whatsapp: +1 332-202-2081).

Ушуга байланыштуу Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун астындагы Туруктуу Өкүлчүлүгү Нью-Йоркто жашаган кыргызстандыктардан парламенттик шайлоого чейин (https://tizme.gov.kg) сайтындагы шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүүнү суранат.

Тизмеден өзүңүз тууралуу маалыматты таппай же каталарды байксаңыз, Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун астындагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнө тез арада кайрылууну суранабыз: (электрондук почта: kyrgyzstan.un.ny@mfa.gov.kg, тел: +1 212-486-4654, mob./whatsapp: +1 332-202-2081).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK