Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

3088

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтөт. Ушуга байланыштуу, АКШнын Нью-Йорк шаарында, №9054 шайлоо участогу түзүлдү. Дареги: 866 United Nations Plaza, Suite 476 NewYork, N.Y. 10017.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, биометрикалык маалыматын тапшырган жана чет өлкөдө консулдук каттоодо турган жарандар автоматтык түрдө тиешелүү участкадагы шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Консулдук каттоого турбаган жана биометрикалык маалыматын тапшырбаган шайлоочулар шайлоого катыша албайт.

Консулдук каттоодон өтпөгөн жана биометрикалык маалыматын тапшырбаган шайлоочулар 2021-жылдын 12-ноябрына чейин жогорудагы дарек боюнча №9054 шайлоо участогуна келип, бул процедуралардан өтүүгө болот.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун астындагы Туруктуу Өкүлчүлүгү Нью-Йоркто жашаган кыргызстандыктардан парламенттик шайлоого чейин (https://tizme.gov.kg) сайтындагы шайлоочулардын жаңыланган тизмесинен өздөрүн текшерүүнү суранат.

Тизмеден өзүңүз тууралуу маалыматты таппай же каталарды байксаңыз, Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун астындагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнө кайрылууну суранабыз: (электрондук почта: kyrgyzstan.un.ny@mfa.gov.kg, тел: +1 212-486-4654, mob./whatsapp: +1 332-202-2081).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK