Нью-Йорктогу Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы Ассамблеясынын Картаюу маселелери боюнча ачык жумушчу тобунун Он экинчи сессиясынын ачылышына катышты

1646

Бүгүн, 2022-жылдын 11-апрелинде, Нью-Йорктогу Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы Ассамблеясынын Картаюу маселелери боюнча ачык жумушчу тобунун Он экинчи сессиясынын ачылышына катышты. 

Бул иш-чарага БУУнун 50дөн ашык мүчө-мамлекеттери, БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын Төрагасы Абдулла Шахид жана БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет, ошондой эле укук коргоо институттарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева сөз сүйлөп, анда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери, анын ичинде ушул жылдын 1-июнунан тартып улгайган жарандар үчүн социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK