КР Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлү Ашита Миттал менен жолугушту

1513

2022-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Борбордук Азиядагы аймактык өкүлү Ашита Миттал менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге, экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуунун негизги артыкчылыктуу багыттарын кеңири талкуулашты.

БУУ БКБнын өкүлү 2022-2025-жылдарга Борбордук Азия мамлекеттери үчүн Программаны жүзөгө ашыруу алкагында Кыргыз Республикасында БУУ БКБнын долбоордук иш-чараларын ишке ашырууга 10 миллион АКШ доллары бөлүнөрүн билдирди. Ошону менен бирге, тараптар чек ара өз ара аракеттенүү кеңселерин түзүү аркылуу Борбордук Азиядагы чек аралар аралык кызматташтыкты чыңдоого, негизги өткөрүү пункттарынын дараметин бекемдөөгө, кинологиялык дараметти күчөтүүгө жана Кыргыз Республикасындагы мобилдүү ыкчам топтордун дараметин бекемдөөгө багытталган БУУнун БКБ долбоорлоруна оң баа беришти.

Жолугушуунун соңунда тараптар 2022-жылдын ноябрында Бишкек шаарында баңги заттарды мыйзамсыз өстүргөн аймактарга мониторинг жүргүзүү жана талдоо жүргүзүү, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүү максатында учкучсуз авиациялык комплекстерди кеңири колдонуу боюнча регионалдык конференцияны өткөрүү зарыл экендиги тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK