Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин Төрагасы Колин Виксен Килапиле Кыргызстандын элин Кумтор кени боюнча Кыргыз Республикасы менен Centerra Gold Inc. ортосунда тынчтык келишимине кол коюлуусу менен куттуктады

1319

Ушул жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык кеңешинин Төрагасы К.В. Келапиле менен жолугушту. БУУнун  Башкы Ассамблеясы жана Коопсуздук Кеңеши менен бирге  Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык кеңеши (ЭКОСОК) БУУнун Уставдык органдарынын бири болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЭКОСОКтун төрагасы К.В.Келапиле биздин өлкөбүздү жана кыргыз элин Кумтор кени боюнча Кыргыз Республикасы менен Centerra Gold Inc. ортосунда тынчтык келишимин түзүүсү жана бул маселени эл аралык укуктун алкагында чечилүүсү менен куттуктады.

Ал жагымдуу инвестициялык климатты камсыз кылуу үчүн, ошондой эле 2030 Туруктуу Өнүгүү Максаттарына андан ары жетишүүгө талашты тынчтык менен чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

Ошондой эле ЭКОСОКтун Төрагасы К.В.Келапиле БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин мандатынын алкагында Кыргыз Республикасына мындан аркы жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK