Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү Нооруз майрамына катышты

1209

Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү 2022-жылдын 22-мартында Кыргызстандын, Афганистандын, Азербайжандын, Индиянын, Ирандын, Ирактын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын биргелешип уюштурулган Нооруз майрамына катышты.

Иш-чарага БУУнун Башкы катшысы Антониу Гутерриш, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-отурумунун Төрагасы А.Шахид жана БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин Президенти К.В.Келапил катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында Ноорузду майрамдоо жөнүндө видеоролик көрсөтүлүп, андан кийин 12 өлкөнүн туруктуу өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Туруктуу өкүл Аида Касымалиева да куттуктоо сөз менен сүйлөп, иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстанда Ноорузду майрамдоо каада-салттары жөнүндө маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK