Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУ алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн, БУУнун Токойлор форумунун катчылыгынын жана БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин демилгеси менен Эл аралык токойлор күнүнө карата: «Жашыл келечегибиз үчүн токойлорду сактоо» темасында иш-чара өткөрүлдү

1250

2022-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУ алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн, БУУнун Токойлор форумунун катчылыгынын жана БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин демилгеси менен Эл аралык токойлор күнүнө карата: «Жашыл келечегибиз үчүн токойлорду сактоо» темасында иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага БУУнун Башкы катчысынын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча орун басары Лю Жэньмин, ЭКОСОСтун президенти Коллен Виксен Келапиле, БУУнун ФАО башкы директорунун орун басары Мария Элена Середо, БУУнун токойлор боюнча форумунун 17-сессиясынын бюросунун төрайымы Мириана Мак Интош, ошондой эле БУУга мүчө болгон мамлекеттердин Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана башка эл аралык уюмдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева өз сөзүндө Кыргыз Республикасындагы токойлордун 90%га жакыны деңиз деңгээлинен 700 метрден 3500 метрге чейинки бийиктикте жайгашканын жана токойдун жалпы аянты 5%тен ашык экенин белгиледи. Токойлор өлкөнүн экологиялык бакубаттуулугун сактоодо өтө маанилүү ролду ойногондугун баса белгиледи.

Туруктуу өкүл Кыргыз Республикасы тарабынан 2040-жылга чейинки мезгилге токой тармагын өнүктүрүүнүн Концепциясы кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымат берип, анын максаты – коомдук бакубатчылыкты, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн токойду туруктуу башкаруу болуп саналарын билдирди.

Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана тоо экосистемаларын, анын ичинде токойлорду сактоо жаатындагы эл аралык жана улуттук демилгелери тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы, Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгы тууралуу айтылды.

Сөздүн жыйынтыгында мамлекет башчы тарабынан демилгеленген “Жашыл Мурас” Улуттук программасынын алкагында республика боюнча жылына 5-6 миллион көчөт отургузуу пландалууда деп белгиленип, ал тууралуу кыска видеоролик көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK