Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 66-сессиясынын алкагында өтүп жаткан “Пайдаланылбаган потенциал: Борбордук Азиядагы аялдардын лидерлигин кеңейтүү, климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктарга туруктуулук” темасындагы кошумча иш-чарага катышты

1479

2022-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 66-сессиясынын алкагында өтүп жаткан “Пайдаланылбаган потенциал: Борбордук Азиядагы аялдардын лидерлигин кеңейтүү, климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктарга туруктуулук” темасындагы кошумча иш-чарага катышты.

Иш-чарага БУУнун Аялдар уюмунун Европадагы жана Борбордук Азиядагы аймактык директору Алия Эль-Ясир, Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Аялдар иштери жана үй-бүлөлүк-демографиялык саясат боюнча улуттук комиссиянын төрайымы Л.Рамазанова, Түркмөнстан Милли Генгеш Межлисинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.Беркалиева, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитеттин төрайымы Х.Курбонзода, ошондой эле Евробиримдиктин, ЕККУнун жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандык коомунун өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Аида Касымалиева катышуучуларга климаттын өзгөрүүсү менен гендердик теңчиликтин өз ара байланышы тууралуу маалымат берип, ага байланыштуу бул процесстин социалдык аспектилерин эсепке албай, адамдардын ар кандай топторуна тийгизген таасирин баалоосуз, аялдар менен эркектердин бардык деңгээлдерде бирдей катышуусусуз климаттын өзгөрүү проблемасын чечүү мүмкүн эместигин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө гендердик аспектилер климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктарга даяр болуу боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн гендердик милдеттенмелерин ишке ашырууда тобокелдиктерди түшүнүү жана туруктуу өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча маселелер каралды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK