Кыргыз Республикасынын Нью-Йорк шаарындагы БУУга караштуу Туруктуу өкүлү ЭКОСОСтун отурумунун модератору болду

6325

Нью-Йорктогу БУУнун кеңсесинде Экономикалык жана Социалдык Кеңештин сессиясын өнүктүрүү максатында Ыкчам иш-аракеттер сегменти ишин баштады. Бул жылдагы сегмент,  2030-жылга карата күн тартибинин талаптарын эске алуу менен БУУнун өнүктүрүү системасын кайрадан багыттоо (реформалоо) жөнүндө  Башкы катчынын жаңы сунушун мүчө-мамлекеттер жана башка кызыкдар тараптар арасында талкуулоодо негизги платформа болуп калды. Кайра багыттоонун негизги элементтеринин катарына координатор-резиденттердин тутумун реформалоо, БУУнун өлкөлүк топторунун жаңы мууну ж. б. кирет.

Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева ЭКОСОСтун БУУнун Өнүктүрүү системасынын көп өлкөлүү кеңселеринин ишмердиктерине сереп салуу маселеси боюнча 14-пленардык отурумунун  6-сессиясынын модераторунун ролун аткарды.

Бул сессиянын алкагында БУУнун Башкы катчысынын орун басары Амина Мохаммед өз доклады менен чыгып сүйлөдү, ошону менен катар эле БУУнун түзүмдөрүнүн жана Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн атынан чыккан докладчылар сөз сүйлөштү.

Бул иш чаранын алкагында катышуучулар кыйла натыйжалуу иштөө үчүн БУУга көп өлкөлүү кеңсе керек экенин талкуулашты. БУУга мүчө-өлкөлөргө ТӨМдү ишке ашыруунун улуттук мүмкүндүктөрүн жогорулатууда жана регионалдык жана субрегионалдык уюмдар аралык кызматташууларды өнүктүрүүнүн  кийинки жолдорун ачууда БУУнун көп өлкөлүү кеңселери жардамга келээрин айтышты.

КР Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева катышуучу өлкөлөрдүн өзгөчө керектөөлөрүн толук эсепке алуунун зарылдыгын баса белгиледи жана бул талкуунун жыйынтыгы БУУнун өнүктүрүү системасынын көп өлкөлүү кеңселеринин иштерин андан ары жакшыртууга жардам берет деди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK