Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу Өкүлчүлүгү БУУнун Эл аралык базарына катышты

3236

2019-жылдын 6-июнунда БУУнун штаб-квартирасында БУУнун Башкы катчысынын жубайы  Катарина Гутерриш айымдын колдоосу менен БУУнун кезектеги Эл аралык базары өттү. Бул жылдагы иш-чаранын негизги максаты БУУнун Качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарынын Түштүк Судандагы, Йемендеги жана Ирактагы долбоорлоруна каражат жыйноо болду.

Ошондой эле, бул иш-чарага Нью-Йорк шаарындагы БУУга мүчө-мамлекеттердин миссиялары катышышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү Кыргызстандын улуттук тамак-аштарын, бал жана ширин азыктарды коюп, катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун арттырды.   Топтолгон каражаттар БУУнун Эл аралык базарынын уюштуруу комитетине өткөрүлүп берилди.

БУУнун эл аралык базары жыл сайын өткөрүлүп турат жана өзгөчө муктаж болгон тараптарга, өлкөлөргө жана региондорго жардам берүү үчүн каражат чогултууну көздөйт. Иш-чаранын башкы уюштуруучулары болуп Гильдия аялдар уюмуна караштуу БУУнун "Аял дипломаттар" клубу  саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK