Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты

140

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты.

Жалпы дебаттардын алдында Мамлекет башчысын БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды, аны менен Президент Садыр Жапаров өзүнчө эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземинде саламдашуу баяндамасын жасады.

Иш-чарага дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK