БУУдагы Туруктуу өкүл А.Касымалиева БУУӨПтүн администраторунун жардамчысы, БУУӨПтүн Европа жана КМШ боюнча аймактык бюросунун директору И.Живкович менен жолугушту

113

2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУӨПтүн администраторунун жардамчысы, БУУӨПтүн Европа жана КМШ боюнча аймактык бюросунун директору И.Живкович менен жолугушуу өткөрдү.

Бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун БУУӨПтүн Администратору А.Штайнер менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында 2023-жылдын 18-сентябрында өткөн жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелерди андан ары ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУӨПтүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, ошондой эле экологиялык жана “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу, атап айтканда, Кыргызстанда туруктуу өнүгүү долбоорлоруна тышкы карызды алмаштыруу механизмин колдонуу мүмкүндүгү боюнча пикир алмашышты.

Соңунда тараптар ийгиликтүү иш каалап, мындан аркы жемиштүү кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK