2019-жылдын 19-июнунда БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги күн тартипте каралган “Афганистандагы кырдаал” пункту боюнча отуруму өтүү. Отурумга БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү жана Афганистанга жардам көрсөтүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясынын башчысы Тадамити Ямамото мырза катышып, сөз сүйлөштү

3388

2019-жылдын 19-июнунда БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги күн тартипте каралган “Афганистандагы кырдаал” пункту боюнча отуруму өтүү. Отурумга БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү жана Афганистанга жардам көрсөтүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясынын башчысы Тадамити Ямамото мырза катышып, сөз сүйлөштү. БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги жалпы дебатында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева да сөз сүйлөдү.

Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева өз сөзүндө, Афганистандагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо БУУнун  ролу өтө чоң экенин айтып өттү жана  БУУнун Башкы катчысынын жана анын Афганистан боюнча атайын өкүлүнүн Афганистанга жардам көрсөтүүдө жүргүзүп жаткан иштерин колдоорун билдирди. Ошондой эле, өлкөдөгү реформаларды өткөрүүдө өкмөттүн улуттук биримдикке жетишкенин баса белгилеп, ошол эле учурда Афганистандагы коопсуздук маселесинин дале курч бойдон калуусун тынчсыздануу менен белгилеп, бул өлкөнүн коопсуздугуна жана туруктуулугуна каршы ар кандай  коркунучтарды четтетүү боюнча мындан ары да иштерди жүргүзүү зарыл экенин баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү 2019-жылдын сентябрында Афганистанда өтө турган президенттик шайлоо, өлкөдөгү демократияны бекемдөө жолунда маанилүү кадамдардын бири болушуна ишеним көрсөттү.

М.Молдоисаева, Афганистан менен аймактык кызматташуу алкагында Кыргызстан-Тажикстан-Афганистан үч тараптуу агро-өнөр-жай консорциумун уюштуруу, Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде афган студенттерин окутуу жана Бишкек шаарында Эл аралык афган изилдөө борборун түзүү багыттары боюнча Кыргызстан тарабынан көтөрүлүп жаткан демилгелерди да белгилеп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK