Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү Дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата иш-чара өткөрдү

125

2024-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү Эл аралык эмгек уюму жана БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата "Социалдык адилеттүүлүк үчүн глобалдык коалиция: ажырымдарды жоюу, альянстарды куруу" темасында иш-чара өткөрдү. Иш-чарага 60тан ашык мамлекеттердин, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын Төрагасы Д. Фрэнсис, ЭКОСОСтун Президенти П. Нарваес, Эл аралык эмгек уюмунун Башкы директору Г.Хоунбо, Бельгиянын БУУдагы Туруктуу өкүлү жана Татыктуу эмгек достор тобунун тең төрагасы Ф.Криделка, БУУга мүчө мамлекеттердин, Иш берүүчүлөрдүн эл аралык уюмунун, Эл аралык профсоюздар конфедерациясынын өкүлдөрү жана башкалар сөз сүйлөштү.

Өз сөзүндө Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү катышуучуларга 2007-жылы Кыргыз Республикасы демилге көтөрүп, өнөктөштөрдүн кеңири колдоосу менен БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 20-февралды Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү катары бекитүүгө жетишкендигин маалымдады. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун ушул резолюциясынын тиешелүү жоболорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштерин айтып өттү. Тактап айтканда, Кыргызстандын бийлик органдарынын социалдык өнүгүүнү жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча конкреттүү социалдык саясат жаатындагы чаралар тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK