32 жылдан бери Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмуна толук укуктуу мүчөсү болуп саналат

117

1992-жылында Кыргызстан эгемендик алганына бир жылга жетпей Бириккен Улуттар Уюмга толук кандуу мүчө болду.

1992-жылдын 2-мартында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясынын жүрүшүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сунушуна жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46/225 резолюциясына ылайык Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна бир добуштан кабыл алынган. 1993-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын биринчи өкүлчүлүгү Бишкекте ачылган.

БУУ азыркы замандын коркунучтарына жана чакырыктарына коллективдүү каршы туруу үчүн эң эффективдүү платформа болгон авторитеттүү жана универсалдуу эл аралык уюму.

Кыргыз Республикасы БУУнун Уставында бекитилген жалпыга таанылган максаттарды жана принциптерди бекем жана ырааттуу сактап келет. Эл аралык аренада кыргыз тарап өзүнө алган милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга аракет кылууда. Кыргыз Республикасы ар дайым «эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө» умтулат.

Өзүнүн мүчөлүгүнүн тарыхында Кыргызстан БУУда бекем позицияны жана жогорку кадыр-баркка ээ болду. Өлкө эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарды жана демилгелерди алдыга жылдыруу боюнча олуттуу натыйжаларга жетишти. Кыргызстан БУУнун ар кандай шайлануучу органдарына жана анын адистештирилген мекемелеринин башкаруу түзүмдөрүнө бир нече жолу шайланган.

Кыргызстан Уюмдун ишмердүүлүгүнө жана анын беделин чыңдоого салым кошууда. Кыргыз тараптын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы бир катар резолюцияларды кабыл алды, алар дүйнө коомчулугунун көңүлүн өлкөгө, анын маданиятына жана тарыхына, жаратылышына жана экологиясына, ошондой эле учурдун көйгөйлөрү менен чакырыктарына бурууга салым кошкон.

Кыргыз тараптын эл аралык платформада тоо күн тартибин жигердүү көрсөтүүсү Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулуктун алдында бардык тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын жактаган мамлекеттердин арасында лидер жана демилгечи катары өз ордун табууга мүмкүндүк берди. Бул фактыны БУУнун Баш катчысы А.Гутерриш бир нече жолу баса белгилеген.

Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттери адамзаттын алдында турган көйгөйлөрдү чечүүгө ыйгарым укук берилген бирден-бир универсалдуу структура катары БУУну колдойт. Өз кезегинде Кыргызстан БУУ глобалдык актуалдуу маселелерди чечүүгө татыктуу салымын кошот деген ишенимин билдирет.

Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттери адамзаттын алдында турган көйгөйлөрдү чечүүгө ыйгарым укук берилген бирден-бир универсалдуу структура катары БУУну бекем колдойт. Өз кезегинде Кыргызстан БУУ глобалдык актуалдуу маселелерди чечүүгө татыктуу салымын кошот деген ишенимин билдирет.

Кыргыз Республикасы Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө багытталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу үчүн натыйжалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө ишенимин билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK