2019-жылдын 24-июлунда Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков менен жолугушту

5846

2019-жылдын 24-июлунда Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык боюнча актуалдуу маселелер талкууланды, атап айтканда, БУУнун Глобалдуу контртеррористтик стратегиясын Борбор Азия аймагында ишке ашыруусу, анын ичинде мамлекеттердин терроризмге каршы потенциалын жана БУУнун бул чөйрөдө ролун бекемдөө маселелери көтөрүлдү.

Ошондой эле, тараптар терроризмге каршы эл аралык конвенцияларды жана протоколдорду ишке ашыруу максатында Борбор Азия мамлекеттерине техникалык жардам көрсөтүү жана Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы пландаштарылып жаткан иш-чараларды талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK