Кыргызстандын Тышкы саясий ведомствосунун башчысы Финляндиянын Өнүгүү жана тышкы соода министри менен жолугушту

3188

2019-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын «аянтчасында» Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Финляндия Республикасынын Өнүгүү жана тышкы соода министри Вилле Скиннери мырза менен жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жакынкы келечекте Финляндияга боло турган иш-сапарын уюштуруу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Ч.Айдарбеков Парламенттер аралык байланыштар, тоо-кен иштетүүдө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуу булактары, «жашыл экономика» сыяктуу жана башка багыттарда өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгына басым жасады.
Тажрыйба жана финн технологиялары менен алмашуу боюнча кыргыз өнөктөштөр менен алдыңкы финн компанияларынын ортосундагы ар кандай жааттардагы байланыштарды өнүктүрүүнүн Кыргызстан үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар үзгүлтүксүз байланыштарды колдоону, ошондой эле эки жана көп тараптуу форматта кызматташууну улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK