Терроризм менен күрөшүү маселелери Ч.Айдарбековдун БУУнун Башкы катчысынын орунбасары В.Воронков жана БУУнун Контртеррористтик комитетинин директоратынын Аткаруучу Директору М.Конинкс менен жолугушууларында талкууланды

3332

2019-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясынын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жана БУУнун Башкы катчысынын орун басары, Терроризмге каршы күрөшүү боюнча БУУнун Башкармалыгынын Жетекчиси Владимир Воронков менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун негизги максаты коопсуздук, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү жаатындагы эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулоо болду.
Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдө Кыргызстандын БУУнун программаларына колдоо көрсөтүүсү КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы тарабынан тастыкталды. Ошондой эле 2017-2022-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча КРнын программаларын ишке ашыруу үчүн эл аралык эксперттик жана финансылык-техникалык жардамды тартуу маселеси боюнча КРнын БУУ менен өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүгө кызыкдар экендиги баса белгиленди.
Мындан тышкары, терроризмге каршы күрөшүүдө келип чыккан көйгөйлөргө адекваттуу жооп кайтаруу боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнө жардам көрсөтүүгө багытталган БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясын ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Биргелешкен иш-аракеттер планынын алкагында долбоордун 3-этабын жүзөгө ашыруу маселелери каралды. Ушул эле күнү Министр Чыңгыз Айдарбековдун Бириккен Улуттар Уюмунун Контртеррористтик комитетинин Аткаруучу директоратынын Аткаруучу директору (КТК АД) Мишель Конинкс менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Кыргызстандын БУУнун КТК АД менен кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде терроризмди болтурбоо жана ага каршы күрөшүү боюнча мамлекеттердин дараметин бекемдөө боюнча чаралар жана Бириккен Улуттар Уюмунун бул жааттагы системасынын ролун бекемдөө боюнча пикир алмашылды. Тараптар Кыргызстан менен КТК АДнын ортосундагы кызматташтыктын пландалган иш-чараларын, анын ичинде 2019-жылдын декабрь айында КТК АДнын КРга боло турган баалоочу миссиясынын иш-сапарын, ошондой эле терроризмди болтурбоо жана ага каршы күрөшүүгө байланыштуу эл аралык конвенцияларды жана протоколдорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында Борбордук Азия мамлекеттерине техникалык жардам көрсөтүү маселелерин талкуулады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK