Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргуль Молдоисаева БУУнун Радиосуна интервью берди

7095

2019-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргуль Молдоисаева БУУнун Радиосуна интервью берди, М.Молдоисаева өзүнүн интервьюсунда Кыргыз Республикасы менен БУУ кызматташтыгы, Уюмдун алкагындагы мамлекеттин демилгелери жөнүндө сөз сүйлөп, ошондой эле келечекте Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган пландары менен бөлүштү. Ошондой эле, М.Молдоисаева 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түптөлүшүнө 75-жыл толгондугун маалымдап, ага байланыштуу кыргыз дипломатиясын түптөлүшү жана өнүгүүсү жөнүндө айтып кетти.

Туруктуу өкүл Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгынын башкы багыттары маалымат берди – тоолуу аймактардыгы туруктуу өнүгүү, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелер боюнча, терроризм жана наркотрафикке бөгөт коюуу, суу-энергетика, тынчтыкты жана коопсуздук колдоо маселелери жөнүндө.

Кыргызстандын БУУнун алкагындагы демилгелери жөнүндө тиешелүү, Туруктуу өкүл мамлекет Башчысы С.Ш.Жээнбековдун жаңы багыт – экологиялык дипломатияны күчөтүү жөнүндө талабына көз салып кетти. Бул багытта Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 2019-жылдын август айында “Тоолуу мамлекеттер достугунун группасын” түзүү, 2019=жылдын 19-декабрында Кыргызстан менен Италия сунуштаган “Туруктуу тоолуу аймактардагы өнүгүү” резолюциясын БУУнун БА тарабынан кабыл алуусу ж.б. маселелер боюнча маалымдады.

Сөзүнүн аягында М.Молдоисаева келе жаткан жылкы пландары менен бөлүшүп, Кыргызстан өзүнүн демилгелерин мындан ары да алдыга жылдырып, анын ичинде жаратылыштын өзгөрүүсү менен күрөшүү уланылат деди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK