2020-жылдын 21-февралында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева БУУнун Контртеррористтик башкармалыгы тарабынан Орто Азия мемлектетеринде атуучу куралдарды террористтерге жеткирүүнү алдын алуу жана ага каршы чара көрүү боюнча иш-чарасына катышты

4751

2020-жылдын 21-февралында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева БУУнун Контртеррористтик башкармалыгы тарабынан Орто Азия мемлектетеринде атуучу куралдарды террористтерге жеткирүүнү алдын алуу жана ага каршы чара көрүү боюнча иш-чарасына катышты.

Бул проекттин салтанаттуу ачылышына БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков, БУУга мүчө Орто Азия мамлекеттердин, Россия Федерациясы жана Сауд Аравиянын Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана БУУнун жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.

Туруктуу өкүл М.Молдоисаева өзүнүн сөзүндө Орто Азия мамлекттери менен БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын ортосундагы кызматташтыкты, атап айтканда, БУУнун Глобалдуу контртеррористтик стратегиясын Борбор Азия аймагында ишке ашыруусун, анын ичинде мамлекеттердин терроризмге каршы потенциалын бекемдөө маселелери эң маанилүү иш-чаралардын бири экенин белгилеп кетти.

Ошондой эле, жолугушуу учурунда тараптар БУУнун Борбор Азия мамлекеттерине жардам көрсөтүү боюнча пландаштарылып жаткан 3 жылдык проектти жана терроризмге каршы эл аралык конвенцияларды жана протоколдорду ишке ашыруу боюнча иш-чараларды талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK