Жеңиштин 75 жылдыгына карата, Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү 2020-жылдын 25-апрелинен 9-майына чейин өткөн “ Эрдик75” деп аталган социалдык тармактарда КМШ мамлекеттеринин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жалпы долбооруна активдүү катышты

4175

Жеңиштин 75 жылдыгына карата, Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү 2020-жылдын 25-апрелинен 9-майына чейин өткөн “ Эрдик75” деп аталган социалдык тармактарда КМШ мамлекеттеринин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жалпы долбооруна активдүү катышты.

Бул долбоордун максаты душманды талкалоодо мурда болуп көрбөгөн эрдикти жана патриоттуулукту көрсөткөн мекендештерибиздин элесин эскерүү болуп саналат. Ага катышкан Туруктуу өкүлчүлүктөрдүн ар бири Экинчи Дүйнөлүк Согуш жылдарындагы улуттук каармандар жана алардын жан аябас аракеттери жөнүндө бөлүшүштү.

Кыргызстандын туруктуу өкүлчүлүгү Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги жоокерлердин эрдиги жана кыргыз элинин эмгектик эрдиги баса белгиледи. Ошентип, социалдык тармактарда биздин элдердин эрдигинин бир түрдүү "хроникасын" түзүүгө жана СССРдин Европаны жана дүйнөнү нацизмден бошотуудагы ролуна коомчулуктун көңүлүн бурууга мүмкүн болду.

Ошондой эле, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чаралардын алкагында, КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу өкүлдөрү БУУнун жаңылыктар кызматына маек беришти. Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргуль Молдоисаева өзүнүн куттуктоо сөзүндө фашисттик күчтөрдүн жеңилишине кыргыз элинин кошкон салымын жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоодо, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда БУУнун платформасында күчтөрдү бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK