УУнун Коопсуздук Кеңешинин жогорку деңгээлдеги “Куралдуу чыр-чатакта жөнөкөй жарандарды коргоо” темасында ачык дебаты болуп өттү

5820

2020-жылдын 27-майында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жогорку деңгээлдеги “Куралдуу чыр-чатакта жөнөкөй жарандарды коргоо” темасында ачык дебаты болуп өттү. Видеоконференция форматында өткөн ачык дебатка БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин (ПКК) Президенти Питер Маурер, Нобелдин Тынчтыктын лауреаты Эллен Джонсон Серлиф, ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү М.Молдоисаева катышты.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү өз сөзүндө, коронавирус  пандемия шартында эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүү, ошондой эле дүйнөдө куралдуу чыр-чатактардын алдын алуу зарылдыгын белгиледи.

Атап айтканда, коронавирус  пандемиясы, Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын Коопсуздук Кеңешинин борбордук ролу менен бүткүл эл аралык коомчулуктун тез арада биргелешкен күч- жана чечкиндүү аракеттерин талап кылат. Кыргыз Республикасы БУУнун Башкы катчысы А. Гутерриштин дүйнөлүк ок атууну токтотуу чакырыгын жана COVID-19 пандемиясына каршы ийгиликтүү күрөшүү үчүн эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү колдой тургандыгын белгиледи.

Кыргыз  тарап,  жонокой жарандарга карата жасалган бардык зомбулук аракеттерин токтотуу керектигин  жана эл аралык коомчулукта куралдуу чыр-чатактарды тез арада сүйлөшүүлөр  аркылуу жөнгө салуу үчүн күчтөрдү бириктирүүгө чакырат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасы чыр-чатактарды чечүү жана жарандарды коргоо боюнча эл аралык коомчулуктун бардык демилгелерин толугу менен колдойт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK