2020-жылдын 30-июлу Кыргыз Республикасында коронавирустан каза болгон жарандарды эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күнү
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Жарлыгы менен коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон жарандарды эскерүү үчүн Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып көптөгөн мекендештерибиз илдеттен каза тапты. Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду.
Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУнун астындагы Туруктуу өкүлчүлүгү каза болгон жарандардын жакындары жана туугандары терең көңүл айтат жана азыркы учурда бул оору менен күрөшүп жаткан жарандардын тез убакта сакайып кетишине тилектеш.